Ош технологиялык университетинин ректору профессор Жанболот Турсунбаев Ооган согушунун 36 жылдыгына карата Ооган ардегерлерине урмат-сый көрсөтүү максатында университетте эмгектенген Ооган согушунун ардагерлерин сыйлады. Ректор ардагерлерди кабыл алып, Ооган ардагерлери ар дайым көңүл борборунда экендигин белгилеп, ыраазычылык билдирди жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
Окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева ардагерлерди куттуктап, комитеттин сыйлыктарын тапшырды.
Университеттин жетекчилигине Ооган ардагерлери ыраазычылыктарын билдиришти.