ОшТУда “Жасалма интеллект – окуу процессинде” аталышындагы 72 сааттык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсу өтүлдү. Бул курска жалпысынан 77 мугалим катышып, санарип мугалим катары өздөрүнүн билимдерин тереңдетишти.
Маалымат технологияларын (IT) жана жасалма интеллекти (AI) колдонуу менен сабактарды өтүү учурдагы билим берүү практикасынын негизги бөлүгү болуп саналат. Бул усулдар студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруу менен окутуу процессин интерактивдүү, түшүнүктүү кылып берет жана санариптик инструменттер менен иштөө көндүмдөрдү өстүрөт. Бул окуу курсунда окутуучулар тарабынан сабактарды даярдоодо жана өтүүдө AI платформаларын, алардын кеңири таралган инструменттерин эффективдүү пайдалануу жолдору каралды. Курстун жүрүшүндө окутуучулар көрсөтмөлүүлүк принциптерине негизделген, көп маалыматтуу ЖИнин жардамында мультимедиалык, интерактивдүү окуу материалдарын түзүү жолдорун окутуп үйрөнүү менен ЖИ платформалары, инструменттери менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүштү.
Курстун авторлору: ОшТУнун “Санариптик инновациялар” бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., ОшТУнун доценти Бокоев Кутман Амирбаевич жана “Санариптик инновациялар” бөлүмүнүн инженер-программалоочусу Кудаяров Нурмухаммед.
Жыйынтыгында курстун бүтүрүүчүлөрүнө атайын сертификаттар тапшырылды.