Ош технологиялык университетинин Жаштар комитетинин жыйыны өткөрүлүп, мында бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Жыйынга бардык институт, колледждин алдыңкы активист студенттери катышты.
Жаштар комитетинин төрагасы Элтуран Алтынбеков комитеттин бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, студенттерди окуу жайдын активдүү жашоосуна багыт берди.
Иш-чара жаштарды колдоо, долбоорлорду ишке ашыруу жана студенттерди коомдук иштерге тартуу максатында уюштурулду.