Ош технологиялык университетинин кытай тили борборунда кытай тилин окуган студенттер кытай жылнамаасы боюнча аталган элдин жаңы жыл майрамын белгилешти.
Аталган иш-чарага окуу жайдын сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А.Т.Акматалиев, укук иштери бөлүмүнүн башчысы Ч.Камалов, борбордун окутуучулары жана студенттер катышты.
Майрамдын жүрүшүндө кытай тили борборунун жетекчиси Ян Сяофэн катышуучуларга кытай жылнамаасы, кытай элинин жаңы жылы тууралуу маалымат берди.
Иш-чарада студенттер кытай тилинде көркөм окуу, кытай тилинде ар түрдүү оюндарды уюштуруп, өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты.