Ош технологиялык университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Сингапур билим берүүдөгү кызыктуу жана активдүү усулдары, жасалма интеллект, жаңы билимдер жана тажрыйбаларга ээ болушту. “Окутуунун интерактивдүү усулдары” деп аталган 72 сааттык семинар-тренингти окутуучу, тренер, мотиватор Надилбек кызы Бегимай өтүп берди.
Бул тренингте төмөнкү темалар боюнча терең билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту.
– Сингапур билим берүүнүн жолдору;
– “Конструктивдүү мугалимдин образы жана иш-аракети”;
– 4К Коммуникация, креативдүүлүк, сынчыл ой жүгүртүү, топ менен иштөө;
– 5Е модели;
– SMART ыкмасы
– “Устат-шакирт” ыкмасы;
– “Теорияга чейин практика” ыкмасы;
– Жасалма интеллектти окутууда натыйжалуу колдонуу.
Окутуучулар билим берүүдө жаңы усулдарды өздөштүрүү менен нарк, ата тек, максаттарды туура коюу, суроолорду туура берүү менен сынчыл ой жүгүрткөн жана чыгармачыл окутуучу болууга практикалык тапшырмаларды аткарышып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Жыйынтыгында, катышкан окутуучулар сертификаттарга ээ болушту.
Жаңы билимдерге жана иш-аракеттерге болгон кызыгуу, келечектеги билим берүү системасын жакшыртууга чоң салым кошууга багытталат. Аталган курс оффлайн, онлайн жана көчмө курс катары улантылып өтүлүүдө.