Ош технологиялык университетинде окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамына коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы тууралуу түшүндүрүү жана жеткирүү боюнча иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайыбыздын укук иштери бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Камалов окуу жайыбыздын жалпы профессордук-окутуучулар курамына жана кызматкерлерине коррупциялык элементтер камтылган көрүнүштөрдү, анын кесепеттерин, тиешелүү укуктук жоопкерчиликтерге, жазалардын күчөтүлүшүнө кеңири токтолуп, коррупциялык иш аракеттерден алыс болууга чакырды.
Университетибиздин ректору профессор Жанболот Турсунбаев университетте коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, окутуучуларды адилеттүү, ачык жана таза билим берүүгө чакырды.
Аталган иш-чарага окуу жайыбыздын жалпы жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, институт директорлору, кафедра башчылар жана жалпы персоналдар катышты.
Иш-чаранын соңунда окутуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алып, окуу жай жетекчилигине сунуш- пикирлерин айтышты.
Эскерте кетсек, буга чейин коррупцияга каршы түшүндүрүү иштери студенттерге да уюштурулган.