Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында түзүлгөн “Жашыл технологиялар жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу” борбору Европалык Союздун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн санарип жана жашыл университеттер” долбоорунун алкагында “Туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика” аттуу тренинг уюштурду. Аталган тренингге Ош технологиялык университетинин экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Ы.К. Аматов баштаган окутуучулар катышып келди.
Мында туруктуу өнүгүүнүн жана жашыл экономиканын негиздери түшүндүрүлүп, жашыл экономиканын өнүгүүсү үчүн дүйнөлүк практикадан алынган тажрыйбалар талкууланды.
Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.
Бул иш-чарага “Кыргызстанда жеке секторлордо жашыл экономиканы өнүктүрүү – GIZ” программасы жана GOPA AFC компаниясы демөөрчүлүк кылды. Тренингге өлкө боюнча 16 жогорку окуу жайдан 27 окутуучу-илимпоз катышты.