Ош технологиялык университетинин окуу бөлүмүнүн карьера борборунун иш алып баруусу менен окуу жайдын 25 студенти Ош шаарындагы ОсОО “Дастан Стиль” тигүү фабрикасында такшалмадан (стажировка) өтүп жатышат. Стажировканын алкагында студенттерге жумшак көндүмдөр боюнча тренинг уюштурулду. Мында студенттерге жумуш берүүчүлөр талап кылып жаткан тайм менеджмент, коммуникация, критикалык ой жүгүртүү, конфликттерди чече билүү тууралуу маалыматтар берилди.
Бул стажировка USAID жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен жүргүзүлүп келе жаткан “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун Жаштар үчүн стажировка программасынын алкагында уюштурулган.