Ош технологиялык университетинин жетекчилиги окуу жайдын студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга университеттин окуу иштери боюнча проректору У. Ж. Мамытов, окуу бөлүмүнүн башчысы У.Д. Абдуллаев, тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Р.Ж. Ыдырысов катышты.
Иш-чарада студенттердин сабакка катышуу, жетишүүсү, контракт, предмет жана семестр тууралуу маселелер талкууланды. Проректор У. Ж. Мамытов өз сөзүндө биздин университетте билим алып жатышкан студенттер үчүн мүмкүн болушунча мыкты шарттар түзүлөөрүн, алардын бир гана окуу менен чектелбестен ар тараптуу өнүгүүсүнө университет жамааты аракет кылаарын билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө суроо-жооп уюштурулду.
Бул жолугушуунун максаты жетекчилик менен ар бир студенттин жеке байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, жаштарды университетте билим алууларына татыктуу шарттарды түзүү жана аларды келечекке коомдо өз ордун татыктуу табууга шыктандыруу болуп саналат.
Белгилей кетсек, окуу жай жетекчилиги менен студенттердин жолугушуусу жыл сайын жылына эки жолу өткөрүлүп, кышкы жана жазгы семестрдин башталышында жолугушат