ОшТУнун компьютердик лингвистика кафедрасынын окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин филологиялык жана маданияттар аралык байланыш институтунда болуп өткөн “Artificial Intelligence Tools in Language Learning & Teaching (Тил үйрөнүүдө жана окутууда жасалма интеллект куралдары)” деп аталган 72 саттык семинарга катышып келишти. Аталган семинарды Американын Нью-Йорк шаарынын Коллумбия университетинен келген волонтер Christopher W.Collins өтүп берди.
Мында компьютердик лингвистика кафедрасынын окутуучулары жасалма интеллектти тил окутууда натыйжалуу колдонуу боюнча жаңы билимдерге ээ болушту.
Семинарда төмөнкү багыттарда лекциялар жана практикалык сабактар өткөрүлдү:
– Жасалма интеллект куралдарына жана тапшырмаларына киришүү;
• ЖИ (AI) технологияларынын тил үйрөнүүдө колдонулушу тууралуу негизги түшүнүктөр;
• Куралдардын өзгөчөлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү;
– Окуу программасын түзүү;
• ЖИнин жардамы менен окуу пландарын жана материалдарын түзүү жолдору;
• Билим берүүнүн конкреттүү максаттарына ылайыктуу ыкмаларды иштеп чыгуу;
– Класстагы жасалма интеллект колдонмолору;
• AI аркылуу сабактарды кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүү;
• Студенттердин билим деңгээлин аныктоо жана жекече тапшырмаларды берүүдө жасалма интеллекттин ролу;
Семинар учурунда окутуучулар заманбап билим берүү технологиялары боюнча теориялык жана практикалык маалыматтарга ээ болушуп, ЖИ технологияларын сабактарда колдонуу боюнча конкреттүү мисалдар менен таанышышты.
Бул семинар окутуучуларга билим берүү процессин жаңы деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берүүчү маанилүү тажрыйба болду. Катышуучулар заманбап усулдарды колдонуу менен, студенттердин тил үйрөнүүдөгү ийгилигин жакшыртуу үчүн инновациялык ыкмаларды ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттарга ээ болушту