10-ноябрда Ош технологиялык университетинде “Тынчтык жана өнүгүүгө арналган Эл аралык Илим күнү” белгиленип, иш-чара чоң актылар залында салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Иш-чараны илим жана инновациялар боюнча проректор Нурланбек Танаков алып барды.
Алгач ректор, профессор Жанболот Турсунбаев куттуктоо сөз сүйлөп, илим тармагынын өнүгүүсү, эл аралык таанылышы жана жаш илимпоздорду колдоо маселелерине токтолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин илимий жетишкендиктери, эл аралык кызматташтык, рейтингдик системадагы ийгиликтер жана студенттик илимий долбоорлор боюнча презентациялар көрсөтүлдү.
Салтанаттуу бөлүгүндө эң мыкты 10 окумуштуу жана эң мыкты 9 кафедра университеттин ички рейтингинин жыйынтыгы боюнча сыйланып, аларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктарды ректор профессор Жанболот Турсунбаев ыйгарды.
ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы Багдагул Тиленбаева илимий жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн окутуучуларга баалуу белектерди тапшырды. Ал өз сөзүндө илимпоздордун эмгеги университеттин гана эмес, өлкөнүн да өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгиледи.
Иш-чаранын соңунда илимий жамаатка ыраазычылык билдирилип, жалпы катышуучулар эскертик сүрөткө түшүү менен иш-чара жыйынтыкталды.











