Ош технологиялык университети (ОшТУ) инновациялык технологияларды колдонуу менен экологиялык жактан таза жана энергияны үнөмдөөчү түнкү жарыктандыруу чырактарын көчөлөрдү, парктарды жана имараттарды жарыктандыруу үчүн иштеп чыкты. Бул чырактар күн энергиясы аркылуу иштеп, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздап, коопсуздукту жана эстетикалык ыңгайлуулукту жогорку деңгээлде сунуштайт.
Бул долбоор ОшТУнун энергетика жана транспорт институтунун электр станциялары, тармактары, торлору жана энергетикалык машина куруу кафедрасы жана инновациялык борборунун кызматкерлеринин демилгеси, жетекчиликтин колдоосу менен ишке ашырылган. ОшТУнун түнкү жарыктандыруу тутуму бүгүнкү күндө ушул инновациялык технологиялардын негизинде иштеп жатат.
Бул технологиялык жаңылык университеттин архитектуралык аймагын кооздоп, экологиялык жоопкерчилик, туруктуу өнүгүү жана санариптик доордун талаптарына шайкеш жаңы чечим болуп саналат.