Ош технологиялык университетинде студенттер менен биргеликте коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган атайын жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин ректору Жанболот Турсунбаев баштаган бардык жетекчилер катышты. Жыйында коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана бөгөт коюу жолдору талкууланды.
Ошондой эле, студенттерге коррупция жана ага каршы күрөшүү боюнча кеңири маалыматтар берилип, иш-чара суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык биздин өлкөбүздө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзам иштейт. Бул мыйзамга ылайык Ош технологиялык университетинде коррупциянын алдын-алуу, аны болтурбоо жана буга байланыштуу терс көрүнүштөргө жол бербөө сыяктуу иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүп турат.