Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, институттар жана структуралык бөлүмдөр ортосунда аялдар жана эркектер арасында спартакиада башталды.
Спорттук мелдешти университеттин ректору Ж.Ж. Турсунбаев ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалады.
Волейбол, стритбол, үстөл тенниси, тогуз коргоол, ден соолук жана кичи футбол боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлерден куралган командалар катышууда. Мелдешке ОшТУнун кесиптик бирлиги колдоо көрсөтүп жатат.
Спорттук иш-чара жыл сайын окуу жайдын жетекчилигинин жана кесиптик бирликтин демөөрчүлүгү астында окутуучулар арасындагы достукту, ынтымактыкты бекемдөө, дени-сак жашоо образын түзүүгө үндөө жана өз элинин патриоту болууга чакыруу максатында уюштурулуп келет.