ОшТУда айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы айыл чарба чийки заттарын сактоо жана кайра иштетүү боюнча жаңыдан ишке кирүү алдында турган заманбап ишканалардын адистерин даярдоо үчүн атайын курстарды уюштурду. Бул квалификацияны жогорулатуу курсу дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен өткөрүлдү. Курстун алкагында студенттер жана адистер айыл чарба азыктарын натыйжалуу сактоо жана кайра иштетүү боюнча теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты жергиликтүү өндүрүштүн кубаттуулугун жогорулатуу жана өндүрүлгөн азыктарды эл аралык стандартка ылайык даярдоо болуп саналат.
Курстун программасы төмөнкү темаларды камтыды:
1)Жемиштерди консервациялоо жана сактоо ыкмалары;
2)Продукцияларды тоңдуруу жана кургатуу технологиялары;
3)Азык-түлүктөрдү таңгактоо ыкмалары жана алардын артыкчылыктары;
4) Картофель фри жана джем компот сыяктуу популярдуу азыктарды даярдоо технологиялары;
5) Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмалары;
Ар бир тема боюнча адистер реалдуу жабдуулар менен иштөөнү өздөштүрүп, өндүрүштүн бардык этаптарын практика жүзүндө аткарышты. Ошондой эле, практикалык сабактар заманбап лабораторияларда жана жаңы ишканалардын өндүрүштүк базасында өткөрүлдү.
Жыйынтыгында айыл чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча жогорку квалификациялуу адистер даярдалып, Баткен облусундагы өндүрүштүк ишканалардын ишине чоң салым кошулду. Кафедра бул багытта жигердүү иш алып баруу менен аймактык өнүгүүгө олттуу өбөлгө түздү.