Ош технологиялык университетине мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштургандыгы үчүн Ош шаардык мэриясы тарабынан “МЫКТЫ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙ” сыйлыгы ыйгарылды.
2025-жылдын 13-январында окуу жайда административдик кеңештин кезектеги жыйынында ректор Жанболот Турсунбаев мамлекеттик тил проректору Ашим Зулпуевди куттуктап, бул сыйлык окуу жайыбыздын жалпы жамаатынын салымы экендигин белгиледи.
Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Ош технологиялык университети жарыялаган үч айлыктын алкагында окуу жайда бир нече иш-чаралар уюштурулган.