2025-жылдын 9-январынан тартып 13-январына чейин Ош технологиялык университетинде мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан “Мамлекеттик тилде иш кагаздарын сабаттуу жазуу, туура түзүү жана жүргүзүү” деген темада сабак-семинарлар уюштурулду. Аталган иш-чарага технология жана жаратылышты пайдалануу, архитектура жана курулуш, экономика жана башкаруу, энергетика жана транспорт институттарынын окутуучу-профессордук курамы катышты. Сабак-семинарды мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы ф.и.к. Ж.К.Айтибаева, университеттин доценти Н.С.Турганбаева, окутуучу Г.С.Жумабаева жана кафедранын лаборанты Нурланбек кызы Айдана өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө типтүү нускама боюнча, иш кагаздарынын тили, колдонулуу орду, реквизиттери, канцеляризмдер жана плеоназмдар жөнүндө кызуу талкуу жүрдү. Алардын ичинен арыз, билдирүү, кулактандыруу, жарыя, чакыруу, жарыя, протокол ж.б. иш кагаздарынын туура түзүлүшү, жазылышы тууралуу маалыматтар берилип, практикалык иштер жүргүзүлдү. Катышуучулар кызыккан суроолорун берип, толук кандуу жооп алышты жана ыраазычылыктарын билдиришти.