Ош технологиялык университетинин чарба кызматкерлери үчүн окуу жайдын жетекчилиги, кесиптик бирлик комитети тарабынан жаңы жылдык кече уюштурулду. Кечеге университеттин ректору Жанболот Турсунбаев, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева катышты.
ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев чарба кызматкерлерин жаңы жылы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.
Университеттин ишин алга жылдырууда салым кошкон мыкты кызматкерлерге университеттин жана кесиптик бирлик комитеттин Ардак грамоталары, кесиптик бирлик тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.
ОшТУнун маданий эстетикалык борбору тарабынан концерттик программа тартууланды.