Ош технологиялык университетинен инновациялык маалымат технологиялар институтунун ИСТ-1-21 тайпасынын студенти Адилбек уулу Эрбол, технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун ТШИ-1-21 тайпасынын студенти Канатбек кызы Акдаана, экономика жана башкаруу институтунун Э(БУиА) -1- 21 тайпасынын студенти Алымбекова Жасмина Алымбековна президенттик стипендиянын ээси болушту. Мында студенттер окууда мыкты ийгиликтерди жаратып, аракети менен көпчүлүктөн айырмаланып, жакшы максаттар менен келечекке умтулган, жакшы жетишкендиктерге жетишкендиги үчүн 60 000 сом акчалай сыйлыкты алышты.
Ийгиликке жеткен студенттерибизди ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, алардын мындан ары дагы мыкты жетикендиктердин ээси болууларына тилектештигин билдирип, окууларына ийгликтерди каалады.