Сежоң корей тил борборунда күзгү семестрдин бүтүрүү аземи өткөрүлдү. Аталган иш-чарага ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев катышып, студенттерди корей тил курсун ийгиликтүү бүтүрүшү менен куттуктады.
Бул семестрге катталган 229 студенттин арасынан 206 студент экзаменди ийгиликтүү тапшырып, курсту бүтүргөндүгү тууралуу сертификатка ээ болушту. Ошондой эле ар бир группа боюнча мыкты окуган 34 студентке мактоо баракчалары, сабактарга толук катышкан 73 студентке артыкчылык баракчалары жана белектер тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшү мугалимдер жана студенттер тарабынан даярдалган ыр-бийлер менен коштолду.
Сежоң корей тил борборунда жылына эки жолу, жазгы жана күзгү семестрге жаңы студенттер кабыл алынат.