ОшТУнун экономика жана башкаруу институтунун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын окутуучусу Б.Ж.Жусуповдун жетекилиги менен бухгалтер адистигиндеги бүтүрүүчү студенттер Ош шаарында жайгашкан ЖЧК «Алайку органикс» ишканасынын башкы кеңсесинде болушту. Мында студенттер ишкананын ишмердүүлүгү менен кенен таанышып, өндүрүлүп жаткан товарлардын түрлөрү менен жасалуу жолдоруна күбө болуп келишти.
Иш-чара студенттерди кесипкөйлүккө үндөө, өз кесибине болгон кызыгуусун арттыруу, партиоттуулукка чакыруу, ата мекендик өндүрүштү колдоо менен өз алдынча жеке ишкер болууга шыктандыруу максатында уюштурулду.
ЖЧК “Алайку органикс” мекемесинин негиздөөчүсү Маметжанов Аскар мекеменин ачылышынан азыркы убакка чейинки тарыхын айтып, товарлардын түрлөрү менен тааныштырды.