ОшТУнун индустриалдык-педагогикалык институтунун директору т.и.к. У.К. Абдалиев, табигый-гуманитардык илимдер борборунун директору п.и.д. А.Т. Саттарова, кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы С.К. Бердибекова, колдонмо математика кафедрасынын доценти, ф.-м.и.к. Г.Б.Сапарова, институттун окутуучулары жана студентттери окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарындагы Наманган мамлекеттик университетинде болушту. Иш сапардын алкагында Наманган мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Ошондой эле, ОшТУнун окутуучулары мастер-класс, конок лекцияларды өтүшүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ал эми студенттер педагогика факультетинин живопись, искусство, башталгыч класстардын мугалими, технология багытында билим алып жаткан студенттер менен биргеликте сабактарга катышышты.
Иш сапардын жүрүшүндө жолугушуулар уюштурулуп, эки тараптуу кызматташуу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосунда илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланды.