Ош технологиялык университетинде окуу бөлүмүнүн карьера борборунун башчысы Махабат Ибраева тарабынан окуу жайдын студенттери үчүн жумушка орношуу жана резюме түзүү боюнча атайын тренинг өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Ага Хан фондунун HR адиси Айгерим Орозаалыева келип, окуу жайдын студенттери менен жолугуп, жумушка орношуу боюнча маалымат берди. Ошондой эле, студенттерди Ага Хан Фондунун колдоосу менен жаштар стажировкасы программасынын алкагында “Касымова Скул”, “Умда” тигүү цехине окууга жана стажировкага чакырып, алдынкы 10 студент жумушка тандалып алынарын айтты. Тренер ѳз тажрыйбасы менен бѳлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.