Ош технологиялык университетинде энергетика жана транспорт институтунун электр менен жабдуу кафедрасы тарабынан Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жылдыгына жана 22-декабрь энергетика күнүнө карата магистранттар үчүн «Күн нурларынын энергиясынан электр энергиясын өндүрүү жолдору» деген темада илимий семинар уюштурулду. Илимий семинарда т.и.к., доцент Н.М. Ташиев, т.и.к., доцент З.Т. Андаева жана т.и.к., доцент И.Э. Турдуев баяндама жасашты.
Иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар: стратегиялык ɵнүгүү пландары жана аларды чечүүнүн жолдорун талкуулоо, энергетика тармагында эмгектенген жумуш берүүчүлɵр менен ОшТУда даярдалып жаткан жогорку квалификациялуу адистердин окуу пландарын талкуулоо жана байланышын күчөтүү болуп саналат.
Илимий семинарга Ош шаарынадагы №16 кесиптик лицейинен, Кара-Суу районундагы №59 кесиптик лицейинен, Ɵзгөн районундагы №62 кесиптик лицейинен мугалимдер жана окуучулар, Таш-Көмүр ГЭСинен, Ош электр тармактары ишканасынан, Ош жылуулук борбору ишканасынан, Ош свет ишканасынан, Ош жылуулук камсыздоо ишканасынан жетектилер жана адистер катышты.
Иш-чаранын алкагында кесиптик лицейдин окуучулары энергетика жана транспорт институтунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып кетишти.