Ош технологиялык университетинин кесиптик бирлик комитети жана дене тарбия кафедрасы тарабынан университеттин окутуучулар жана кызматкерлер ортосунда бильярд боюнча ОшТУнун биринчилиги болуп өттү.
Мелдештин жыйынтыгында 45 жашка чейинки курактагылар арасында 1-орунду гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Курманали уулу Кубаныч, 2-орунду Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучусу Турдали уулу Кубаныч, 3-орунду административдик чарба бөлүмүнүн башчысы Нарматов Сапарбек Жалалович ээледи. Ал эми 45 жаштан жогорку курактагылар арасында 1-орунду техника илимдеринин кандидаты, профессор Жоробеков Болотбек Астаевич, 2-орунду студенттер үйүнүн коменданты Апазов Бахтияр Сулайманович, 3-орунду колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Джороев Туйгунбек Жунусович ээледи.
Жеңүүчүлөр окуу жайдын жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.
Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, салтка айланып калган мелдеш акыркы 15 жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келет.