Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрь күнү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Ош технологиялык университети жарыялаган үч айлыктын алкагында мамлекеттик тил боюнча проректор п.и.д., профессор А.З.Зулпуев, мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы ф.и.к. Ж.К.Айтибаева жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси Г.А.Максутовалар жетекчилик кылган иш-чаралар ийгиликтүү жыйынтыкталды. Үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн окутуучу-профессордук курам окуу жайдын Ыраазычылык баракчалары, Ардак грамоталары менен сыйланды. Жыйынтыктоо кечесинде мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Н.С.Турганбаева, Н.Б.Апазбекова, Г.С.Жумабаевалардын демилгеси менен студенттердин ортосунда “Жетинин бири” аталышындагы интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Таймашка ар бир институттан жана гуманитардык-технологиялык колледжден бирден топ уюштурулуп, жети команда катышты. Таймаш 7 баскычтан туруп, ар бир баскычта кыргыз тили жана адабияты боюнча кызыктуу тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун “Асылзат” тобу 1-орунду, гуманитардык-технологиялык колледждин “Мурас” тобу 2-орунду, архитектура жана курулуш институтунун “Тил мурас” тобу 3-орунду алышып, дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Интеллектуалдык таймаш кызыктуу өтүп, студенттер билимин бир кыйла тереңдетип, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.