Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин стипендиясын тапшыруу салтанаты болуп өттү.
Ага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, акимдин орун басары М.Т.Ибраимов, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Райондун акими тарабынан окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышып, мыкты жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болгон, 7 студент социалдык жактан колдоого алынып, 3000 сомдон стипендия жана баалуу белектер тапшырылды.
300 миңге жакын калкы бар Өзгөн районунун башчысы К.С.Апбасов окуу жайда “Акимдин атайын стипендиясы” атайын жобого ылайык мындан жыл сайын окуунун мыктыларына тапшырууну салтка айлантып, стипендиянын суммасын мындан жогорулатып, бериле тургандыгын баса белгиледи.
Азем концерттик программа менен коштолду.