16-декабрда Президент Садыр Жапаров өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Жыл аяктап баратканда салтка айланган жакшы жөрөлгөнүн ээси болуп өлкө боюнча 90 студент табылып, ар бирине 60000 сомдон тапшырылды. Мында окууда мыкты ийгиликтерди жаратып, аракети менен көпчүлүктөн айырмаланып, жакшы максаттар менен келечекке умтулган, жакшы жетишкендиктерге жетишкен студенттер аталган акчалай сыйлыкты алышты.
Ош технологиялык университетинен инновациялык маалымат технологиялар институтунун ИСТ-1-21 тайпасынын студенти Адилбек уулу Эрбол, технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун ТШИ-1-21 тайпасынын студенти Канатбек кызы Акдаана, экономика жана башкаруу институтунун Э(БУиА) -1- 21 тайпасынын студенти Алымбекова Жасмина Алымбековна президенттик стипендиянын ээси болушту.