Ош технологиялык университетинде Түштүк Кореядан келген “Салам, Ош” ыктыярчылар тобунунун отчеттук жолугушуусу болду. Жолугушууга университеттин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору ф.и.д., профессор А. Т. Акматалиев катышып, ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирди.
Аталган ыктыярчылар тобу окуу жайга август айында келишкен. 4 ай аралыгында ыктыярчылар экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасында болушуп, мында окуган студенттерге көмүр кычкыл газын (СО2) кантип аныктоо, аны азайтуунун жолдорун жана көмүр кычкыл газынан уулануу коркунучун азайтуу боюнча сабактарды өтүштү жана энергия агымдарын, кайра жаралуучу энергия булактарын үйрөтүштү. Ошондой студенттердин жана кызматкерлердин экологиялык билимин жогорулатуу максатында Экоклуб ачышты. Университеттин аймагында таштандыларды таштоочу урналарды орнотушуп, кафедрага керектүү болгон жабдууларды алып беришти.
Демилге Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.