Ош облустук китепканасында КРнын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө арналган “Нарктуу жаран-улуттун жүзү” аталышындагы адабият жумалыгы жана китепканада Улуттук маданий бурчтун ачылыш аземи өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин окутуучулары жана студенттери активдүү катышты. Мында ОшТУнун студенттери китепканынын ресурстарын кенен таанышып, китеп көргөзмөсүнө күбө болушту ошондой эле, кийимдердин дизайны жана технологиясы предметтик-циклдик бирикмесинин жана жеңил-өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын студенттери элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө катышты.
ОшТУнун окуу бөлүмүнүн практика башчысы М.К. Ибраева Ош облустук китепканасын Улуттук маданий бурчтун ачылышы менен куттуктап, белектерди тапшырды.
Иш-чаранын алкагында Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын маданий-массалык иш-чараларына автивдүү катышып, ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Ош технологиялык университети «Жылдын мыкты партнеру» номинациясы менен сыйланды.