Россия Федерациясынын Санкт-Петербург политехникалык университетинин алдыңкы инженердик мектебинде “Жаңы илимий горизонттор” аттуу инженердик илимдердин эл аралык “Кышкы университет” долбоору өткөрүлдү. Аталган долбоорго ОшТУнун инновациялык маалымат технологиялар институтунун студенттери активдүү катышып келишти.
Бул иш-чарага Беларусь Республикасы, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Сербия, Босния, Түштүк Африка, Иран, Индия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн 600дөн ашуун студенттер катышты.
Студенттер иш-чарада ар кандай инженердик окуулардан өтүшүп, конкреттүү бизнес чечимдерин иштеп чыгышты. Мында ОшТУнун студенттери санариптик технологиялар, санариптик инженерия жана жасалма интеллект технологиялары багытында өздөрүнүн жогорку билимин жана практикалык жөндөмдөрүн көрсөттү. Жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.
Бүгүн, студенттерибизди ректор Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, мындан аркы окууларына ийгилик каалап, ар дайым чоң жетишкендиктердин ээси болууларына тилектештигин билдирди.