Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин гуманитардык-педагогикалык жана IT технологиялар бөлүмүнүн педагогика жана котормо иши предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан педагогика адистигинде окуган тайпалар ортосунда “Менин сүйүктүү кесибим” аттуу конкурс уюштурулду.
Конкурс студенттердин педагогикалык билимин жайылтуу, кесиптик жөндөмдүүлүгүн аныктоо, алардын талантын, педагогикалык жана чыгармачылык потенциалын ачуу максатында уюштурулуп, мында катышуучулар түрдүү программанын алкагында таймашышты.
Конкурс калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.