ОшТУда индустриалдык-педагогикалык институтунун кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасы тарабынан Ч.Айтматовдун 96 жылдыгына карата “Аалам кыдырган- Айтматов” аттуу эскерүү кечеси уюштурулду. Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.
Кечени университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов ачып, Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу, анын чыгармаларын жайылтуу, анын руханий мурасын келечектин ээси болгон кийинки муунга калтыруу керектигин айтып өттү.
Кечеде таланттуу студенттер тарабынан улуу жазуучу жаратып кеткен чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр аткарылып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, КРдин Мамлекеттик тилдин макамын алгандыгына 35 жыл толгонуна карата үч айлык Жобонун алкагында өткөрүлдү.