Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилик курамы Ош шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо, жол-унаа кырсыктарынын жана алардын кесепеттерин алдын алуу багытында университетте билим алып жаткан студенттер менен жолугушту. Жолугушууга КР ИИМнин ЖКККБнын штабынын башчысы, милициянын подполковниги Саидходжаев Бахрам Хамидович, КР ИИМнин ЖКККБнын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Саидов Тынычбек Мадеминович, Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Салымбаев Нурбек Аспекович, КР ИИМнин ЖКККБнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Аким уулу Мирлан, КР ИИМнин ЖКККБнын ЖКККжУКТ башкармасынын башкы адиси Байзаков Музатай Байзакович, окуу жайдын жамааты жана студенттери катышты.
Жолугушууда студенттерге жол коопсуздуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эрежелери тууралуу маалыматтар берилди. Катышуучулар тарабынан суроолор берилип, жооптор алынды.