Ош технологиялык университетинде индустриалдык-педагогикалык институту тарабынан залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 96 жылыдыгына арналган адабий драмалык кече өткөрүлдү. Мында компьютердик лингвистика кафедрасынын студенттери Айтматовдун чыгармаларын жалаң англис тилинде аткарышып, англис тилин үйрөнүүдө теориялык алган билимдерин практикада ишке ашырышууда. Бул иш-чараны компьютердик лингвистика кафедрасынын доценти Исаков Сатарали Исакович уюштурду.
Адабий кечени университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов ачып берди. Кечеге окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттер катышып, таланттуу студенттер Ч.Айтматовдун өмүр баяны тууралуу баяндама жасап, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүштү.
Иш-чаранын максаты, улуу жазуучу жаратып кеткен чыгармалар аркылуу студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, сүйлөө маданиятын өнүктүрүү жана аткаруу чеберчиликтерин өстүрүү болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, Айтматовдун чыгармалары чет тилдеринин арасынан орус тилинен кийин эң көп которулган англис тили болуп эсептелет.