ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучулары жана студенттери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоонун бир айлыгынын алкагында Мырза-Аке айылындагы М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын интернатындагы мектеп окуучуларынан кабар алышып, белектерин беришип, концерттик программа менен аларга жагымдуу маанай тартуулашты.
Бул сыяктуу иш-чараларды Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун жалпы жамааты студенттери менен биргеликте ар дайым өткөрүп келишет. Башка бирөөлөргө жардам берип, кайрымдуулук иштерди жасоону адат кылып алган ОшТУнун окутуучулары жана студенттери колдорунан келишинче аракеттерди көрүшүп, жардам берип келишет.