“Агро Финанс” микрокредиттик компаниясынын өкүлдөрү Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу институтунун экономика жана финансы кафедрасынын студенттери менен жолугушту. Жолугушууда “Агро Финанс” микрокредиттик компаниясынын жетекчиси Дүйшоева Наргиза Сатвалдыевна студенттерге микрокредиттик компания жөнүндө, жумушка кабыл алуу тартиби жөнүндө маалыматтарды берди. Ошондой эле, «Агро Финанс микрокредиттик компаниясынын ишмердүүлүгү жана жаштарга болгон мүмкүнчүлүктөр» деген темада конок лекция окуду.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу – таанышуу, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикаларды өтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Лекцияга келген студенттер жана окутуучулар жамааты тарабынан лекторго банктык кредиттөө боюнча суроолор берилип, жооптор алынды. Иш-чарага активдүү катышкан студенттерге аталган компания тарабынан белектер берилди.