Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын алкагында улуттук иш мерчем боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери окуу жайда билим алып жаткан жалпы студенттер менен
жолугушту.
Жолугушууда жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларды болтурбоо жана алардын алдын алуу багытындагы маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан жаштардын ар кандай жаман окуяларга аралашпоо, коомдук жайларда эрежелерге ылайык жүрүү, учурда жүз берип жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын-алып, аларга катышпоого аракет кылуулары керектиги айтылды. Ар кандай провакациялык көрүнүштөргө аралашпай, жакшы жүрүм-турум менен сабакты мыкты окуп, улуулардын тарбиялык акыл-насааттарын угууга чакырышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин суроо-сунуштары айтылып, көйгөйлүү маселелер талкууланды.