ОшТУда индустриалдык-педагогикалык институтунун кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын окутуучулары тарабынан “Социалдык тармактардын инсандар аралык мамилелерге тийгизген таасирлери” деген темада студенттери үчүн тегерек стол уюштурулду.
Бул тегерек столдо социалдык тармактардан мамилелерди куруу жана сактоо жөндөмүбүзгө кандай таасир тийгизерин изилдеп, анализдеп бул контекстте пайда болгон кыйынчылыктары талкууланып жыйынтыктар чыгарылды.
Жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге “Эң креативдүү студент”, “Эң тапкыч студент”, “Эң позитивдүү студент” деген номинациялар ыйгарылып, дипломдор жана баалуу белектер берилди.