Кыргызпатент тарабынан өткөрүлгөн “Startup Students” конкурсунда Ош технологиялык университетинин инновациялык илимий-технологиялык борбордун директору Мухаммед Садык Исламов жетектеген спикерлер, УБ-1-21 тайпасынын студенти Назаркулова Айзирек, ДАС-1-23 тайпасынын студенти Рашидинов Данияр, ЭиЭТ-1-23 тайпасынын студенти Келдибеков Эльмар 2-орунду камсыз кылып, 600$ акчалай сыйлыкка ээ болушту. ОшТУнун студенттери кыргыз элинин жашоосун жеңилдетүү менен бирге өмүрүн узартуу максатында өздөрү ойлоп тапкан электростатикалык моор фильтр долбоорун тааныштырып, презентация кылышты.
Сынакка жалпысынан 56 долбоор сунушталып, конкурстук комиссия тарабынан ар бир катышуучуга кесиптик баа, ошондой эле студенттерге стартап долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кеңештер жана сунуштар берилди.
Иш-чара республиканын бардык региондорундагы студенттердин стартап-долбоорлоруна дем берүү, жаштардын ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүккө кызыгуусун жана активдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлгөн.