Ош технологиялык университетине Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Ош аймактык башкармалыгынын адистери – М.А.Абдыкалыков, О.А.Төрөбаев келип, университетинин жамааты менен жолугушту. Жолугушууга университеттин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А. Т. Акматалиев баштаган университеттин милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча жооптуу кызматкерлери катышты. Мында калкты милдеттүү түрдө медициналык жактан камсыздандыруу зарылчылыгы, артыкчылыктары жана 21 жаштан жогорку күндүзгү, сырттан окуу формаларында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттерди медициналык камсыздандыруудан өткөрүү иштерин күчөтүүнү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды, жыйындын катышуучулары менен суроо-жооптор болду.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу – бул Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы жарандардын укуктарын камсыз кылууга багытталган социалдык коргоонун мамлекеттик түрү. Эгерде камсыздандыруу маселесинде ал туурасында кошумча маалыматтар зарыл болсо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун 113 ишеним номеринен акысыз толук маалымаат алууга мүмкүн.