Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу институту тарабынан кыргыз элинин элдик ырларын сахналаштырып аткаруу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чара окуу жайдын мамлекеттик тил проректорлугу жана мамлекеттик тил кафедрасынын уюштуруучулугу менен өткөрүлүп, ага окуу жайдын жетекчилиги, институттун жалпы жамааты жана студенттер катышты.
Майрамдык кечеде экономика жана башкаруу институнун окутуучуларынын курамы активдүү катышып, элдик ырларды мыкты деңгээлде сахналаштырып аткарып берүү менен көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Элдик каада-салт ырлары – кыргыз элинин улуттук баалуулугун, нарк-насилин, маданиятын сактап келет.
Бул иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, КРдин Мамлекеттик тилдин макамын алгандыгына 35 жыл толгонуна карата үч айлык Жобонун алкагында өткөрүлдү.