ОшТУда гуманитардык-технологиялык колледжинин техника жана технологиялар бөлүмүнүн курулуш предметтик циклдик бирикмесинин жалпы жамааты тарабынан архитектура, имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо, инженердик курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо, автоунаа жолдорун жана аэродромдорун куруу жана эксплуатациялоо багыттарында билим алып жаткан студенттердин ата-энелери менен чогулуш болду.
Гуманитардык-технологиялык колледждин директору Т. Ы. Саадалов чогулушка катышууга келген ата-энелерге өзүнүн атынан ыраазычылык билдирип, окуу процессин алдыга жылуусуна, окууга катышууга, тазалык, тартип, тарбия иштеринде ата-энелердин көмөгү эң маанилүү экенин баса белгиледи. Чогулушка алыс-жакындан келген ата-энелер, окутуучулар жана студенттер катышты. Курулуш предметтик циклдик бирикмесинин башчысы Кансулуу Кулматова бул багыттарда билим алып жатышкан ар бир студенттин окууда жана окуу жайдын коомдук иштериндеги ийгиликтерине токтолду. Окууда жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттердин ата-энелерине колледж жетекчилиги тарабынан ыраазычылык барактар тапшырылды. Ата-энелер тарабынан суроолор берилип, каалоо тилектер айтылды.