Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучуларынын ортосунда көөнөргүс салттардын бири кыз-жигит, оюн-зоок “Достук” сармердени болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты кыргыз элинин улуттук каада-салт, үрп-адаттарын, нарк-насилдерин даңазалоо болуп саналат.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, КРдин Мамлекеттик тилдин макамын алгандыгына 35 жыл толгонуна карата үч айлык Жобонун алкагында өткөрүлдү.
Мында Манас айтуу, төкмөлүк өнөр, залкар ыр-бий, макал-лакап, жаңылмачтар, табышмактар, каада-салттар менен коштолуп, окуу жайдын жалпы жамаатына жана студенттерине көңүлдүү маанай тартууланды.
Иш-чара окуу жайдын мамлекеттик тил бөлүмүнүн проректору п.и.д.,профессор А.З.Зулпуевдин демилгеси менен уюштурулду.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен атааңдаш тараптар тең чыгып, достук жеңиши менен аякталды.