Ош технологиялык университетине Өзбекстан Республикасынын Термез мамлекеттик инженердик жана айыл чарба технологиялар университетинин делегациясы окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен келишти.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.
Өзбекстандан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Делегациянын курамын ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов кабыл алып, аларга биздин окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди. Коңшу мамлекеттен келген делегациянын курамында биздин университет даярдап жаткан бардык багыттар боюнча өкүлдөр болушуп, алар ар бир багыттын өзүнө тиешелүү болгон институттун директорлору менен жолугушту. Жолугушууларда мындан ары эки тараптуу байланышты күчөтүп, эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо биргелешип кызматташуу тууралуу кеңири сөз болду.