ОшТУнун жеңил-өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын костюм жана текстиль искусствосу жана жеңил өнөр-жай буюмдарынын технологиясы багытында билим алып жатышкан студенттер Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарындагы Фергана политехникалык институтуна практикага барышты. Студенттер менен биргеликте жеңил өнөр-жайынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу, ОшТУнун практика башчысы М. К. Ибраеванын жетекчилиги менен эки окуу жайдын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык Фергана шаарында болушту. Алгач ОшТУдан барган топ Фергана политехникалык институтунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышкан соң институттун өндүрүштүк ишканаларына барып, практикадан өтүштү.
ОшТУ менен Евразия гуманитардык институтунун ортосунда меморандум түзүлдү
Ош технологиялык университетинин делегациясы Казакстан Республикасында иш сапары менен болуп, эл аралык илимий иш-чараларга катышты. Делегацияны окуу жайдын окуу иштери...











