Ош технологиялык университетинин экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Ы.К. Аматов, А. Авазбек уулу жана А.А. Арстановалар Жалал–Абад шаарында өткөрүлгөн “Түштүк Кыргызстандын жаңгак-мөмөлүү токойлорунун топурагынын азыркы абалы” аталышындагы V эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.
ОшТУнун окутуучулары илимий-практикалык конференцияда эл аралык топурак классификациясын Кыргызстандын тоо экосистемаларынын өзгөчөлүгүнө ыңгайлаштыруу маселелери боюнча өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы менен тааныштырышты.