Ош технологиялык университетинде архитектура жана курулуш институту тарабынан улуттук каада-салтты даңазалоого жана сактоого арналган “Улуттук каада-салтты барктайлы” аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты. Маданий кечеде «Манас» эпосу, кыргыз бийлери, кыргыздын улуттук, элдик ырлары ошондой эле кыргыздын каада-салттары аткарылып, этти устукандоо жана улуттук оюндар көрсөтүлдү.
Аталган иш-чара Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналды.