17-ноябрь – бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата Ош технологиялык университетинин студенттери үчүн шаарыбыздагы Казына Гранд ресторанында майрамдык салтанат өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка университетибиздеги билим алып жатышкан студенттер катышты. ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов студенттерди куттуктап, аларга студенттик жылдарындагы окууларына ийгилик каалап, окуу жайдын коомдук турмушунда жана окууда мыкты жетишкендиктерге жеткен алдыңкы студенттерге Ардак грамоталар жана баалуу белектерди тапшырды. Мындан сырткары, Ош шаардык Жаштар комитетинин жетекчилиги тарабынан биздин мыкты студенттерге грамота жана белектер берилди.