ОшТУда гуманитардык-технологиялык колледжинин финансы, бухгалтердик эсеп, менеджмент жана статистика адистиктеринде билим алып жаткан студенттер үчүн экономика предметтик циклдык бирикмесинин окутуучулары тарабынан конок лекция уюштурулду. Иш-чарада социалдык фонддун Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Орунбаев Нуркамил Кочкорбаевич “Социалдык фонддогу мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор” деген темада конок лекция окуду.
Лекцияга катышкан студенттер өздөрүнүн адистигине байланыштуу маалыматтарды ала алышты.